Канатбек Маматов футбол федерациясынын президенти болду

Канатбек Маматов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул жөнундө КРнын Футбол Федерацисынын сайтты жазып чыкты. 

Жаңы жетекчини шайлоо бүгун 9-февралда жабык өткөрүлүп, жыйынтыганда Канатбек Маматов эң көп добушка ээ болгон. Ошентип ал, жаңы кызматка 4 жылдык мөөнөткө дайындалды.

Канатбек Маматов жаш кезинде Оштун “Алай”, индиянын “HAL Бангалор” клубунда жана “Топ-Юнайтед” менен “Абдыш-Атанын”  ардагерлер командасында ойногон. Андан кийин, ОШМУнун дене-тарбия кафедрасын жетектеген.  2007-жылдан 2009-жылга чейин Жогорку Кеңеште фракция лидеринин жардамчысы болуп иштеген. Азыркы учурда, КРнын футзал федерациясынын президенти жана футбол федерациянын вице-президенти болчу.

Эске салсак, Семетей Султанов кызматтан кетүүсү турасында арызын жазгандан кийин, алты киши президенттикке талапкерлигин көрсөткөн болчу. Алар Бахадыр Кочкаров, Аскар Салымбеков, Медер Сыдыков, Дастан Конокбаев, Алмаз Чокморов жана Канатбек Маматов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген