Камера балдардын колунда. Окуучулар өз көйгөйлөрүн видео аркылуу чагылдырат

Эми окуучулар өз мектебиндеги көйгөйлүү маселелерди социалдык ролик кылып тартышат. Ал үчүн керектүү жабдыктар – камера, компьютерлер алардын колунда бар. Окуучуларга атайын окуу курсу уюштурулуп, тасма тартуу, аларды монтаждоо үйрөтүлгөн. “Камера балдардын колунда” алатышындагы долбоору  “Эл аралык толеранттуулук үчүн”  коомдук фонду тарабынан каржыланган.

Өзгөндүн Мырзаке айылындагы Төлөнбай Машрапов атындагы мектепте рекетчилик, өспүрүмдөрдүн келишпестиктери көп орун алат.  Өспүрүмдөрдүн мугалимдер менен пикир-келишпестиги сыяктуу  терс көрүнүштөр көп катталган мектептердин сап башынан орун алган. Эми бул көйгөйлөрдү социалдык ролик катары чагылдыруу аркылуу чечүүгө аракет кылышат.

Долбоорго 8-9-10-класстын окуучуларынан жалпы 8 өспүрүм  жана аларга көмөктөшүүгө 2 мугалим тартылган. Алар атайын окуудан өтүшүп, тасма жаратуунун жолдорун да үйрөнүшкөн.

Аталган долбоор  “Эл аралык толеранттуулук үчүн”  коомдук фонду жана Чыр-чатактардын алдын алуу боюнча глобалдык өнөктөштүк уюму тарабынан окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында  уюштурулган. Учурда Кыргызстандын 16 мектебинде ишке ашты. Бир жарым жыл аралыгында окуучулар тарабынан тартылган роликтер жергиликтүү телеканалдардан, социалдык тармактарданн коомчулукка чагылдырылат.

Текст: Чынарбек Алипбеков

Видео: Аъзам Бузуриков

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.