Камар: Мен да башкаларга окшоп сулуу кыз болгум келет

“Мектептеги балдар бизди кебетеси коркунучтуу” деп шылдыңдашат, биз дагы башкалардай татынакай, сулуу кыз болгубуз келет,”- дешет Сириядагы жардыруудан колу-беттери күйүп калган эже-сиңдилер. ВВСнин кабарчысы жабыркаган кыздар менен жолугуп, алардын абалынан кабар алып келген.

Окуя мындан эки жыл мурда болуп, ал кезде кыздардын чоңу Камар 7 жашта болсо, сиңдиси Рахаф төрт жашта эле. Экөө тең кичине экендигине карабай, мурда сулуу, башкаларга окшоп келбеттүү болгондуктарын эстешет.

“Мени мурда сулуу кызсың деп айтышкандары эсимде, азыр да мурдагыдай татынакай болгум келет,”- дейт 9 жаштагы Камар.

Кыздардын күйүктөн алган жаракаты өтө тереңдеп кеткендиктен, көп убакытка чейин эшикке чыга албай калышкан. Бир канча операцияларды баштарынан өткөргөн эже-сиңдилер жүздөрүн бет кап менен жашырып жүрүүгө туура келген.

“Мен оорукананы жаман көрөм, бирок дарыгерлер аябай жагат. Чоңойсом дарыгер болуп, кебетеси жагымсыз адамдарды сулуу кылгым келет,”-дейт кыздардын чоңу Камар.

Учурда Камар менан Рахаф мектепте окушат. Алар мектептеги балдар кебетелери жаман деп капа кылышаарын ата-энесине айтып келишет. Кыздары үчүн ансайын жүрөктөрү ооруган ата-эне:”Наристелерибиздин келечеги бизди көп ойлондурат. Коомдун аларга болгон коз карашы, мамилеси кыздарыбызды сындырып коебу деп коркобуз,”-дешет.

Келбетибиз калыбына келип калат деп ишенген секелек эже-сиңдилер сүрөт тартканды жакшы көрөт. Камар өзүнүн кыялындагы үйдүн жана мечиттин сүрөтүн көп тартат.

Сыйынганда Кудайдан эмнени көп суранасыңар деген кабарчынын суроосуна: ”Биз Жараткандан бизди айыктырып, сулуу кылып коюшун сурайбыз,”- деп жооп беришти.

Рахафтын ден-соолугу жакшы, бирок Камарды алдыда дагы бир канча операциялар күтүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген