Калыбына келтирилген 6 көпүрө жараксыз абалга келген. Кадамжайда сел жүрдү

Кечээ, 26-июль күнү саат 19:30 чамасында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу “Ынтымакка” өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүрүп, 24-июль күнү калыбына келтирилген 6 көпүрөнү кайра жараксыз абалга келтирген.

“Жерине райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу, айыл аймактын өкүлү чыгышкан. Кошумча маалымат берилет”, – деп билдирди басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет 28-июлга чейин  туруксуз аба-ырайы болорун айтып, шашылыш билдирүү таркаткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген