Калктын аярлуу катмарындагы жарандар үйлөрүнөн чыкпай эле паспорт алышууда

Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам катары акысыз паспорттор берилди. Өлкөнүн үч миңден ашык жараны документтерин үйлөрүнөн чыкпай эле алууга мүмкүн болду.

Кайрылган жарандарга бир нече сааттан кийин эле Калкты тейлөө борборунун мобилдүү көчмө тобу барып, мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерди жеринде сүрөткө тартып,  ID-картты акысыз алууга документтерди тариздеш.

12 күндүн ичинде документтер даяр болуп, кайрылган жарандарга жеткирилип турду.

Мобилдүү топтор борбору калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү үчүн 2016-жылдан тартып Бишкек жана Ош шаарлары боюнча гана иштешти.

Каттоо документтер менен фотосүрөттөрдү кабыл алуу жана тариздөө үчүн бардык тийиштүү техникалык шаймандар менен жабдылган атайын микроавтобустар 2018-жылдан тартып бүт республика боюнча чыгып иштеп жатышат.

4 жылдын ичинде 3 миңден ашык социалдык жактан аярлуу жарандар үйлөрүнөн чыкпастан акысыз паспорт алышты.

Ушул жылы бул категория боюнча 114 мобилдүү каттам болгон, алардын ичинен 61и ДМЧА, УАСтун ардагерлерине, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүнүн жашоочуларына, 53ү соттолгон жана камактагы адамдар.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.