Кайрат Жыргалбек уулу жылдын мыкты футболчусу болду

Кыргызстан курамасынын  жана “Дордой” клубунун жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу 2018-жылдын эң мыкты футболчусу аталды. Жылдын мыктысын аныктоо кечээ 5-декабрда  КРФФсы менен  Football Awards тарабынан жүргүзүлдү. 

Бул наамга “Дордой” клубунун эки оюнчусу Кайрат Жыргалбек уулу менен Бекжан Сагынбаев жана Польшанын “Тахы” клубунда топ сүргөн  Эдгар Бернхард көрсөтүлгөн эле.  Жыйынтыгында КРФФсы түзгөн 30 адамдан турган комиссия тобу  Кайрат Жыргалбек уулуна эң көп добуш берген.

Ошентип,  25 жаштагы Кайрат карьерасында биринчи жолу Кыргызстандын эң мыкты футболчу аталды. Белгилей кетсек, ал ушул сезондо Топ-Лигада 13 гол киргизип, “Дордой”  менен өлкө чемпиондугун жана Кыргызстан кубогун жеңип алган. Ошондой эле, Кыргызстан курамында Сирия менен болгон беттеште 1 голдун автору болгон.

Эске салсак, 2015-жылы  Антон Землянухин, 2016-жылы Валерий Кичин жылдын эң мыкты футболчусу болсо, өткөн жылы бул наам берилген эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген