Кайрадан шайлогоо жалпы 188 396 жаран катышты

Кечээ, 11-июлда өлкөдө үч шаарда кайра шайлоо болуп өттү. Кечки саат сегизге чейин жалпы 188 396 адам катышып, көрсөткүч 30,51 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Үч шаарда 617 миң 517 шайлоочу бар. Алардын 427 миңдейи Бишкекте, 153 миңге жакыны Ошто, 38 миңден ашууну Токмокто.

Токмок шаарында катышуу 44,5 пайызды түздү. Ошто 43,6 пайыз Бишкекте 24,5 пайыз болду.

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өтүп, 26 партиядан 2200дөн көп талапкер ат салышты. Баштапкы эсепке ылайык, Бишкекте 18 партиядан алтоо, Ошто сегиз партиядан төртөө, Токмокто алты партиядан бешөө утту. Бул эсеп добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн.

Бишкек менен Ошто 45, Токмокто 31 мандат бар.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Аталган үч калаада мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.