Каймак: тапкан акчасына бильярд ойногон Моцарт

Тапкан акчасына бильярд ойногон Моцарт

Австриялык атактуу композитор Вольфганг Амадей Моцарт 1756 – жылы Зальцбург шаарында төрөлгөн.

Моцарттын алгачкы окутуучусу өзүнүн атасы болгон. Ал атактуу педагог, композитор, мыкты скрипкачы, ишкер киши болгон.

Атактуу композитор 35 жашында каза болгон жана бул жыл аралыгында 626 чыгарма жазган.

Моцарт адамдар менен тез эле тил табыша алганэ. Бирок үй тиричилигине көп деле маани берген эмес. Акча үчүн бай адамдарга көз каранды музыкант болууну каалаган эмес.

Ал өтө көп эмгектенген. Кээде бир күндө эки жолу концерт берип, музыканы түн ичинде жазууга аргасыз болгон.

14 жашка толгондо Милан шаарындагы атактуу Италия опера театры Митридат, Понтий падышасы операсын жазууну тапшырган.

Биз сиздерге Моцарт жөнүндөгү көпчүлүккө белгисиз болгон бир фактыны айтабыз. Чыгармачылыгы өркүндөп турган мезгилинде бир концерти үчүн 500 гульден (22 миң сом) алган. Бул акчалардын баарын бильярд ойноого сарптаган. Өлүмүнөн кийин көрүстөндөн өзүнчө жер сатып алууга дагы акча табылган эмес.

Каймак: Менделеевдин кошумча кандай кесиби болгон?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген