Каймак: Менделеевдин кошумча кандай кесиби болгон?

Бизде жаңы рубрика кошулду. “Каймактан” сиз белгилүү адамдар жөнүндөгү кызыктуу фактыларды окуй аласыз.

Чемодан жасоочу уста Дмитрий Менделеев

Улуу окумуштуу, химик Дмитрий Менделеев иштеринен бош мезгилинде чемодан жасап сатып үй-бүлөсүн баккан. Ал өзүн “Чемодан жасоочу уста Менделеев” деп атагандарды жакшы көргөн.

Менделеев 1834-жылы 8-февралда туулган. Санкт-Петербургдагы педагогикалык институттун физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүнө кирип, 1855-жылы алтын медаль менен аяктаган.

1857-жылы Санкт-Петербург университетинде иштеген.

1861-жылы “Органикалык химия” аталышындагы китеби жарыкка чыккан.

1869-жылы элементтердин мезгилдик системасын сунуштаган.

Окумуштуунун 500дөн ашуун илимий эмгектери бар.

Ал 1907-жылы Санкт-Петербургда каза болгон.

Иван Менделеев — Дмитрий Менделеевдин атасы

 

Мария Менделеева – Дмитрий Менделеевдин апасы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген