Каймак: Майк Тайсон жөнүндө кызыктар

Баарына жумуш жетет

Майкл Жерард Тайсон 1966-жылы 30-июнда Нью-Йорктун Бруклин шаарында төрөлгөн.

Болочок мушкер 9 жашына чейин досторунун арасында эң коркогу болгон. 11 жашында аны көчө балдары катуу сабап салгандан соң гана машыгууга кызыгуусу арткан.

Ринг таймашына алгачкы ирет 16 жашында түшкөн. 20 жашында дүйнөлүк деңгээлдеги таймашта Росли Бербик менен беттешке чыккан жана атаандашын утуп, дүйнөдөгү эң жаш чемпион деген наамга жеткен.

Тайсон жалпысынан 50 жолу ири беттештерге түшсө, анын 44үн нокаут менен жеңген.

2005-жылдын 11-июнунда Кевин Макбрайд менен болуп өткөн жана “Жеңилбес” Тайсондун жеңилүүсү менен аяктаган.

Ал бир нече тасмаларга дагы тартылган.

Биз сиздерге айтып бере турган кызыктуу дагы бир факт бар. Майк Тайсондун “дүркүрөп” турган мезгилинде 75 кызматкери болгон. Анын менеджери, промоутери, эсепчиси, дарыгери, массажчысы, психологу, юристи, ашпозчулары, айдоочулары, багбандары ж.б башка кызматкерлери болгон.

Каймак: тапкан акчасына бильярд ойногон Моцарт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген