“Каганат жоокери” жана “Каркыра”. Улуттук банк эстелик тыйындарын чыгарды

Бүгүндөн тарта Кыргызстанда кыргыз каганаты жана кызыл китепке кигизизилген канаттууга арналган эстелик тыйындары жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук бактан билдиришти.

«Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» коллекциялык монетасы –  «Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы бешинчи монета, ал Улуу Кыргыз каганатынын түптөлүшүнүн 1170-жылдыгына арналган.

“Монетанын алдыңкы бетинде локалдык оксиддирлөө технологиясын колдонуу менен шайма-шай куралданган жоокер элеси түшүрүлгөн. Монетанын четинде тегерете: «Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» жазуусу, сол жагында монетанын номиналы (10 сом) чагылдырылган”, – деп түшүндүрүштү Улуттук банктан.

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, гербди тегерете курчап турган күн жана жоокерлер элеси чагылдырылган. Монетанын сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925є), ал эми оң жагында – салмагы (28,28) көрсөтүлгөн. Монетанын жогору жагында «Улуу Кыргыз каганаты» деген жазуу жазылган, ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2017) берилген.

Ал эми  «Каркыра» коллекциалык монетасын, сейрек кездешүүчү, өзгөчөлөнгөн жашоо принцибин тутунган канатуулар дүйнөсү жөнүндө кеңири маалымат таркатуу жана алардын коргоого алынышын камсыз кылуу максатында чыгарган.

Монетанын алдыңкы бетинде алтын түстө берилген каркыранын сүрөттөлүшү, анын фонунда бийлеп жаткандай сезим калтырган каркыралар тобунун элеси түшүрүлгөн. Жогору жагында монетанын кыргыз тилиндеги («Каркыра») жана латын тилиндеги аталыштары («Anthropoides virgo»), ал эми төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын оң жагында металл пробасы (Ag 925є) жана салмагы (28,28 г) көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми төмөн жагында «Кыргызстандын Кызыл китеби» жазуусу, сол жагында – монета чыгарылган жылы (2017) түшүрүлгөн.

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынып коюлган. Ар бир жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңычактарга салынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.