Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Быйыл рамазан айындагы Кадыр түн кечеси 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленет. Бул күн орозонун 26-күнүнөн 27не караган түнгө туура келет. 

Ушул түндү маанилүү өткөрүү үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы төмөндөгүдөй сунуштарды берди.

  • Бул түнү Аллах Таала үчүн ибадат кылуу керек. Жаратканга кулдук кылуу сезимин өнүктүрүү керек.
  • Бул түнү Курани Каримди окуу, окулганын угуу, маанилерин үйрөнүп ой жүгүртүү заарыл. Курани Каримге болгон сүйүү менен жакын ымала күчөтүлүүсү, жаңыртылуусу керек.
  • Пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават, саламдарды айтуу, анын шапаатынан үмүттөнүү, анын үммөтүнүн катарында болуунун бактылуу маанайын сезип, ага болгон ак ниеттүүлүктү берилгендикти ого бетер күчөтүү.
  • Үгүт насааттарды, динибизди тааныткан маектерди жакшылап угуу, күнүмдүк жашоонун оор түйшүктөрүнөн улам, жүрөккө чарпылган кайдыгерлик, бейкапардык илдетинин кирлерин жууп салуу зарыл.
  • Бул түндүн маани маңызы жөнүндө, же болбосо ушул ыйык түн негизги мазмун кылынган актуалдуу диний темаларда илимпоздор-аалымдар жагынан уюштурулган жыйналыштарга катышуу керек. Анткени мындай актуалдуу темалар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүп, жанылыштык, каталыктарды кайрадан таанууга, кемчилдиктерди жоюуга, айрыкча боордоштук карым катышты, достукту, ынтымак-ырашкерчиликти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
  • Тообо, истигфар кылынууга тийиш. Олуттуу түрдө өзүн-өзү текшерип, каталыктардан кайтууга кайраттануу керек.
  • Зикир тасбихтерди айтып, ой жүгүртүү зарыл. Себеби Аллах Тааланы эстөө аркылуу жүрөктөр бейпилдикте болот. Аллах Тааланын чексиз күч-кудурети менен жоктон жараткан бул ааламдын терең сырлары жөнүндө ой жүгүртүү аркылуу дилдеги ыйман күч алат.
  • Дуба-тилектерди көп кылуу керек. Анткени дуба адамды Жараткан Аллах Таалага жакындаштырган эң жакшы себеп болуп саналат.
  • Кадыр түндүн күндүзүн да кудум түнүндөгүдөй өткөрүү чон сооптуу иш. Мындай кылганда касиеттүү түндүн рухтарга тараткан нурунун жаркыны мусулмандардын жүрөгүндө терен сезилет.
  • Бул түндүн урматына, Жараткандан бүткүл мусулмандардын биз менен бирдикте күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөөбүз керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болуусун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөсүн, мусулман дүйнөсүн ынтымагына жана бүткүл адамзатка түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуу керек.

Аалымдар бул түн 1000 айга барабар болуп, аны ынтымакты бекем сактоо менен өткөрүү керектигин айтып келишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген