Кадамжайлыктар: Өзбестандын машыгуу талаасы жылдырылсын

Өзбекстандын аскердик машыгуу талаасы менен Кадамжайдын Ынтымак айылынын аралыгы 300 метр. Мында даярдыктан өтүү тынбай жүрөт, атылган октордун үнү айылдыктардын тынчын алат. Тургундар жергиликтүү бийликке кошуна өлкөнүн машыгуу талаасын жылдыруу талабын коюп жатышат.

 “Машыгуу учурунда жардыргыч заттардын, ок атуунун үнү элди коркутат. Ок атылганда терезелерибиз кадимкидей титирейт. Элдин коопсуздугу үчүн ошону башка жакка жылдыртып берүүнү суранып жатабыз”,-дейт Ынтымак айылынын тургуну Келдибек Осмонов.

Өзбекстандын аскерлери Андарактагы полигондо аскердик машыгууларды байма-бай өткөрүп турат. Талаа ок атуу стандарттарына дал келет. Ошол себептүү ар бир машыгууда ок чыгарылат. Айдоо жерлеринде ок калдыктары бутка чалынат дешет айылдыктар.  Зыяны ден соолукка тийип, кош бойлуу аялдардын боюнан тушкөн учурлар бар.

“Гүпүлдөп автоматтар атылат. Балдарыбыздын жүрөгү түшүп бүттү. Ал эмес чоң адамдар деле коркот. Октүн үнүнүн сүрү башка да. Кош бойлуу келиндердин боюнан түшүп калып жатат. Элдин ден соолугуна ким жооп берет”,-дейт айыл тургуну Тажигүл Арапова.

Жергиликтүүлөр машыгуу учурунда ок биз тарапка капысынан атылып кетиши мүмкүн деп да кооптонушат. Мындай кокустуктарды болтурбоо үчүн ынтымактыктар жергиликтүү бийликке полигонду жылдыруу талабын коюшкан. Район акими болсо бул маселени өкмөткө кабарлаганын, бирок аскер талаасын жылдыруу мүмкүн эместигин айтат.

 “Бул биздин колубуздан келе турган иш эмес. Алгач чек ара тилкесин аныктап, андан соң өкмөттүк денгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек. Жер Өзбекстандын аймагында болгону үчун бул биздин компетенцияга кирбейт.  Кошуна өлкөнүн өкмөтү да уруксат бериш керек. Биз эле чечип койгудай ички маселе эмес”,-деди Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров.

Район акими кошумчалагандай, өкмөттүн тапшырмасы менен айыл тургундарына башка жакка көчүү сунушу берилген. Бирок жашоочулар макул эмес. Айылдыктар эски конушун таштаган менен жаңы айылда да ошол абал кайталанат дешет. Анткени жергиликтүү бийлик тургундарга коопсуз жай бере албады. Көчүү үчүн сунушталган Халмион айыл аймагы деле чек арага жакын жайгашып, ок атуу талаасынан алыс эмес.

Эреже боюнча мындай стратегиялык маанидеги курулуштар калктуу конушта жайгашпоосу кажет. Тактап айтсак, авиация же жардыруучу заттарды пайдаланчу аянттар эл жашаган аймактан 500 чарчы метр алыстыкта жайгашуусу шарт. Акыйкатчынын Баткендеги өкүлү ок атуу талаасын курууда айыл эли эске алынган эмес дейт.

“Аэропорт же жардыргыч заттар колдонулган аянттар калктуу конуштардан алыс жайгашуусу керек. Чек арада болсо да айланасындагы элдин оюн угуу шарт. Бул боюнча эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары сүйлөшүп, маселе элдин пайдасына чечилиши керек”,-деди Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү Хаит Айкынов.

Баткен Облусунун Кадамжай районундагы Ынтымак айылы 1950-жылы түптөлгөн. Ал кезде Өзбекстандын Андарагындагы аскердик машыгуу талаасы жок болчу. Айылдыктардын конуш түптөгөнүнө 70 жылдай болсо, Өзбекстан ок атуу талаасын 20 жыл мурун курган. Бирок анда Өсбекстан кошуна өлкөдөгү чек арага жакын айылдын элин эске алган эмес.

Чек арага жакын аймактын мындан башка дагы маселелери бир топ. Ынтымак айылына  ушул күнгө чейин суу жеткириле элек. Ага кошо жол маселеси да көңүл сыртында калып келет. Кыштакта 200 түтүн эл жашайт.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz