Кадамжайлыктар малина өстүрүп, жылына 150-200 миң сом пайда көрүшөт

Кадамжайда ар бир үйдүн  короосунда малина өстүрүлөт. Чакан аянттан мол түшүм алган багбандар 10 сотых жердеги малинадан жылына 150 миң сомдон ашуун каражат табышат.

Салия Бөжөева 40 жылдан бери 15 сотых аянтка малина өстүрүп, дыйканчылык кылат. Учурда жемиши жетилип, түшүмдү жыйнап жаткан кези. Айтымында, бул чакан аянттан жылына 150 миң сомдой киреше табат. Азыр түшүмдүн биринчи терими аяктап калды.

“Малина аракетибизге жараша түшүм берет. Жакшылап иштесек, жакшы түшүм алабыз. Тапкан пайдабыз турмуш- тиричилигибизге жетет, кыргызда той- аш деген бар, аларга иштетебиз. Андан тышкары ушул малина терип эле балдарыбызды окутуп атабыз”,- дейт Пүлгөн айылынын тургуну Салия Бөжөева.

Кадамжайдын Пүлгөн айылындагы ар бир үйдө жемиштин бул түрү кездешет. Алар күнүнө 100дөн 200 килограммга чейин түшүм алышат. Бул жылы терим кеч башталганы менен, түшүм мол болду.

Малина сууну көп талап кылган өсүмдүк. Бул жемиш канчалык көп сугарылса, ошончолук түшүмдүүлүк артат. Жергиликтүү калктын негизги киреше булагы болгон ширелүү мөмө-жемиштин бул түрүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына чыгарышат. Учурда малинанын бир килограммы 40 сомдон 60 сомго чейин сатылып жатат.

“Бизге Ош, Жалал- Абаддан келип алып кетишет. Биз өзүбүз алы барып сатканга убактыбыз жок, анткени теришибиз керек, сугарышыбыз керек”,- деди айыл тургуну Бурул Мамадаминова.

Малина өстүрүүнүн түйшүгү көп, андыктан, жергиликтүү багбандар коромжусуз жыйнап алуу аракеттерин көрүшөт. 10 сотых жер аянтындагы малинаны терүү үчүн бир үй-бүлө мүчөлөрү жетишпейт. Мындан улам алар ашар жолу менен бири-бирине жардам беришет. Малина ар бир менчик короодо өстүрүлүп, райондогу 200 гектар аянтты түзөт.

Малина Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактарында жана Пүлгөн айылында көп өстүрүлөт. Биринчи терими 10 күн мурда башталып, 15 күн аралыгында жүрөт. Ал эми экинчи терим Август айынан кыш келгенче уланат. Райондо жылына 1,5 миң тонна түшүм алынат.

Сюжет: Феруза Аскарбек кызы, Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.