Кадамжайлыктар “Чечме” булак Өзбекстанга өтуп кетээринен тынчсызданууда

Азыр Өзбекстандын Сох району менен чектеш жайгашкан Кадамжайдагы “Чечме” булактын тагдыры бир жаңысыл боло элек. Тактоо иштери аягына чыга элек жатып, жергиликтүүлөр тынчсыздана башташты. Буга булактагы суу эки тараптуу пайдаланылат деген сөздүн чыгышы себеп болгон. Муну жергиликтүүлөр Өзбекстанга өтөт деп түшүнүп, нааразы болушат.

Чечмеликтердин булакты биргеликте пайдаланууга каршы чыгышына жүйө бар. Анткени суунун үчтөн бир бөлүгү гана аларды камсыздап, калганы Өзбекстанга агып өтөт. 80% колдонот дегенди жергиликтүүлөр коңшу өлкөгө кайтарылды деп эсептешет. Ошондон улам да Кыргызстандын карамагында турган стратегиялык маанидеги булактын  Өзбекстанга өтүп кетишине көпчүлүк каршы.

Жергиликтүүлөрдүн мынтип чочулашына негиз жок экенин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирет. Анткени кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана деморкациялоо  боюнча түзүлгөн мамлекеттер аралык комиссиясынын аймактагы тактоо иштери аягына чыга элек.

Жумуш аягына чыкмайынча өкмөттөр аралык комиссия коомчулукка толук маалымат бере албайт. Буга мамлекеттер аралык купуянын сакталышы керек деген эреже жол бербейт.  Маалыматтарга караганда, “Чечме” булак 300 миң жылдыкты камтыйт. Бүгүнкү күндө Чечме айылындагы 1 жарым миңге жакын жашоочуну ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылып турат. Жыл сайын жергиликтүүлөр булактын айланасын тазалап,  касиеттүү жай катары да эсептешет.

Эске салсак, Өзбекстан менен Кыргызстандын такталбаган чек арасы 375 чакырымды түзөт.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar