Кадамжайлык дыйкандар мамлекеттен жардам күтпөй, өз алдынча өнүгүүнү тандашты

Баткен облусунун Кадамжай районундагы бош жаткан 100 гектар кайракы жер эми жашыл бакка айланды. Кагыраган талааны мындан эки жыл мурун 100 дыйкандан турган бирикме ижарага алып, 40 миң көчөт олтургузушкан. Дыйкандардын мээнети кайтып, бул жылы көчөттөр 100% бүчүр байлады.

Кадамжай шаарындагы Арпасай, Кара-Жантак участкаларындагы бош жаткан кайракы жер эки жыл мурда жергиликтүү дыйкандардан турган “Берекелүү-суу” коомуна 10 жылга ижарага берилген. Жердин 40 гектарына карлик, жарым карлик жана супер карлик  көчөттөрүн отургузушуп, бакка айлантышты. Бул үчүн 100гө жакын дыйкандардын 3 млн сомдой акчасы жумшалган.

“Суу тартып келип, скважина курдук. Андан тышкары жолдорду оңдодук, дары- дармектерди алдык, агрономдор менен иштешип жатабыз. Ушулардын баарына 300 млн сомдой каражат кетти. Эми акыбетибиз кайтат деп терең ишенбиз”,- дейт “Берекелүү- суу” коомунун негиздөөчүсү Анвар Билалов.

Тигилген көчөттөр Өзбекстан, Европадан алынып, 2,3 жыл аралыгында гектарынан 30-40 тонна же 4000 тонна түшүм алууга болот. Ошондо жылына 40 млн сом таза киреше алууга жетишебиз деп ишенишет дыйкандар. Киреше түшкөндөн тарта аймактын инфраструктурасын жакшыртып, кайра иштетүүчү ишкана менен логистикалык борборлорду куруу пландалып жатат.

 “Биз коом мучолоруно бардык шарттарды жаратып, бала бакчаны, офис, окутуу борборлорун жана кенеш алуу борборлорун да курабыз”.- деп кошумчалады аталган коомдун негиздөөчүсү Анвар Билалов.

100 гектардын калган аймактарына жол салуу, тегиздөө иштери жүргөндөн кийин ал жерлер да дыйкандарга берилип, жумушчу орундары түзүлөт. Учурда 40 гектар аянтта 400гө жакын киши иштеп жатат. Алар интенсивдүү бак кылууда тамчылатып суугаруу ыкмасын колдонушкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген