Кадамжайлык багбан 7 сотых бактан жылына 100миң сом киреше табат

Үч-Коргондогу ар бир үйдүн короосунан  гиластин 10го жакын түрлөрү кездештирүүгө болот. Жылына аймакта 1000 тоннадан ашуун түшүм жыйналып, көпчүлүгү сыртка экспорттолот. Быйыл да ортомчулар аркылуу Орусия, Казакстанга жөнөтүлүп жатат.

ҮчКоргон айыл аймагынын тургуну Сайфудин Зуридинов бакчасына  гиластин 3 түрүн өстүргөн. Учурда эң алгач бышуучу жазгы түрүн үй-бүлөсү менен жыйнап жаткан кези. Үзүлгөн сөңгөктөрү соолуганча эле кардарлар жеринен  сатып алып кетишет. 15 жылдык бактан бул жылы да 100 миң сомдой  киреше табам дейт.

“Бул жерге алма, шабдалы, курма, гиластин көчөттөрүн  6-7 сотыхтан кылып тиккенбиз. Балдарым менен түшүмүн жыйнап жатабыз. Эми жакшы иштесек жакшы түшүм алабыз. Жаман иштесек жаман”,-дейт Сайфидин Зуридинов

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагындагы  ар бир жашоочу короосуна  гилас өстүрүп 10 го жакын түрү кездешет. Бардык сорттогу  гиластин  мөмө бериши аба ырайына да байланыштуу болот, жакшы түшүм берүүсү үчүн күн өтө ысып же сууп кетпеши керек. Ошол эле учурда илдеттерге каршы убагында дарылоо зарыл.  Бышканда да терип алуунун жолдору бар.

“Жамгыр жаагандан кийин суу учурунда гиласти терип болбойт. Айнып калышы мүмкүн. Ошондуктан түштөн кийин суусун таштаганда теришке чыгабыз”,-деп кошумчалайт багбан.

“ Үч-Коргон гиластын мекени деп саналат. Бул бак дарактарабызды сарамжалдуу пайдаланууга дыйкандарыбыз аябай кесипкөй болуп калышкан. Гилас бышкан мезгилден эле фуралар келе баштайт, өздөрү келип алып кетишет”,-дейт Үч-Коргон айыл өкмөт башчысынын орун басары Мастура Якубова

Үч-Коргон айыл аймагында жалпы 435 гектар жерге гилас  дарактары тигилген. Андан жылына 1300 тонна түшүм алынат. Жемиштер  Орусия, Казакстан жана борбор калаага жөнөтүлөт.

Текст: Феруза Аскарбек кызы

Видео: Жыргал Абдыжалил уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген