Кадамжайлык 25 жаштагы Азамат жолтандабас кураштырды

Баткенде алгач жолу жолтандабас унаасы колдо кураштырылды. Анын  кадамжайлык  25 жаштагы жигит үч ай дегенде чогултуп бүттү. 

Жолтандабас ар кандай  унаалардын тетиктеринен куралды. Азамат бала кезден техникага жакын эле, акыркы 10 жылдан бери машина оңдоо менен алектенет. Бай тажрыйбасы менен кыляындагы унааны аз убакытта кураштырып алды.

“Бул мен каалаган унаа. Өзүмө жаккандай жасадым десем болот. Жигулинин багын койдум, 40 литр бензин батат. Кадимки унаалардай эле коопсуздук чаралары көрүлгөн”,- дейт Азамат Жетимиш уулу.

“Тайота”, “Ауди” жана “Хонда” үлгүсүндөгү унаалардын тетиктеринен куралып, жалпы 200 миң сомдой сарпталган. Башка машиналардан айырмасы- майды аз жеп, тоо таштарда жүрүүгө ыңгайлуу.

Азырынча унаага ат коюла элек. Бирок унаа ээси жаңы жолтандабасын күндөлүк тиричиликке колдонуп жатат. Баткендин көчөлөрүндө мындай үлгүдөгү унаа жүрбөгөндүктөн, көргөндөрдү таң калтырууда.

“Досум бул унааны жасап бүтүп, биринчи жолу айдап чыкканда элдин баары аябай таң калган. Буга чейин Бишкекте карагер жасалган эле. Бирок бул унаа андан күчтүүрөөк десек болот. Ошондуктан, таң калып да, сыймыктанып да жатабыз”,- деди устанын досу Имар Токтошев.

Колдо жасалган жолтандабас 100 километрине 8 литр бензин сарптап, тоо таштарда 40-50, ал эми тегиз жолдордо 80-100 км/саат ылдамдыкта журө алат.

Азамат Жетимиш уулу ойлоп тапкан унаасын өзү колдонуу үчүн гана иштеп чыкты. Алдыда дагы башка үлгүдөгү унааны кураштырууну пландап жатат.

“Балам экөөбүз жолтандабасты бийик тоолордо айдап, сынап көрдүк. Жакшы жүрүп жатат. Эми Кыргызстандын чек арачылары үчүн ыңгайлуу унааларды жасоону пландап жатабыз”,- дейт Азаматтын атасы.

Азамат Жетимиш уулу Кадамжайдын Орозбеков айылында төрөлгөн, беш бир туугандын кичүүсү. Ага устачылык өнөрү атасынан өткөн.

Сюжетти даярдагандар: Феруза Аскарбек кызы, Жыргал Абдижалил уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген