Кадамжайдын Халмион айылы коронавирустун очогуна айланууда

Учурда коронавирус эң көп катталып жаткан аймак- Баткен облусу. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдагандай, вируска чалдыккандардын көпчүлүгу Кадамжай районунун Халмион айылында. Анда күнүнө 10-20 жарандан илдет аныкталууда.

1-октябрь күнү Баткен облусу боюнча 77 адамдан коронавирус аныкталса, анын 34 учуру Кадамжай районунан, 11и Халмиондон чыккан.

Кадамжай району оорунун очогуна айланып бара жаткандыгынан улам, Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Алишер Абдрахманов район жетекчисин, Халмион айылындагы базар башчысын кабыл алып, айылдагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу тапшырмасын берди.

Баткен облусундагы кооптуу кырдаалга Өкмөт башчы Кубатбек Боронов да көңүл бөлүп, өлкөдөгү абал, өзгөчө Баткен облусундагы кырдаал тынчсыздандырып жаткандыгын айткан.

“Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад обдустарына жөнөйт. Алар аталган аймактардагы жагдай талдап, илдетти жуктургандардын көбөйүү себебин аныкташат. Ошондой эле бишкектик дарыгерлер коронавирус менен ооруп жаткандарды аныктап, ооруканага жайгаштыруу же үй карантинине алуу мүмкүнчүлүгүн карап, үймө-үй кыдыруу иш-чарасын өткөрүшөт. Мындан тышкары борбор калаадан барган дарыгерлер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кесиптештерине консультацияларды беришет”, – деди Премьер-министр.

Өлкөдө коронавирус менен жабыркаганадардын жалпы саны 46 841ге жетти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген