Кадамжайдагы суу жетпеген талаага дыйкандар буудай эгип, быйыл алгачкы түшүмүн ала баштады

Кадамжай районунда кылкандуу дан экиндерин жыйноо  башталды. 3 гектарга жакын аймакка эгилген эгинди жыйноого райондо штаб түзүлүп, ар бир айыл өкмөттө иштер аткарылып жатат.  

Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак аймагындагы буудай талааларында буга чейин суу болгон эмес. Андыктан, эгин талаалары иштетилбей турган. Башка жылдардан өзгөчөлөнүп бул жылы каналдары оңдолуп, суу тартылып, дыйкандар түшүм ала баштаган.

“Суу маселеси бизди көп түйшөлттү. Эч кимден жардам күтүп отурбай эле Бүргөндү, Нургазиев жана Кожо- Кайрык каналында суу түтүктөрүн орнотуп кырдаалдан чыктык. Азыр суу маселеси дээрлик чечилген десем болот”,- Кадамжай райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Айдар Асамидинов.

Кадамжай райондук айыл чарба башкармалыгы билдиргендей, үрөндөрдү жыйноодо техникалардын эскилиги жаратып келет. Райондо жалпы 704 трактор болсо, анын 14%ы гана жаңыланган. Ал эми 31 комбайндын төртөөсү колдонууга жарап, калгандары эски болгондуктан, дыйкандарга түйшүк жаратат.

Бул маселе боюнча Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигине кайрылганыбызда, жакын арада дыйкандарга жеңилдиктер каралаарын айтты.

“Биз Кыргыз Республикасынын жаңы долбоорун иштеп чыкканбыз. Анда дыйкандар жана оруп- жыйноочу комбайндар үчүн эң жакшы шарттар түзүлүп жатат. Мында 2% менен 10 жылда комбайндардын санын көбөйтүү маселеси коюлган. Облус жетекчилигине тапшырма берилген. Оруп- жыйноочу комбайндардын тизмеси берилсе, биз сөзсүз түрдө жардам беребиз”,- деди аталган министрликтин кызматкери Эркин Чодуев.

Кадамжай районунда бул жылы 3 гектарга жакын  жердеги  кылкандуу дан эгиндеринен 8,5 тонна түшүм  жыйналуу пландалууда.  Ал үчүн райондук штаб да түзүлүп, ар бир айыл өкмөттө иштер аткарылып жатат.

Сюжет: Феруза Аскарбекова, Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген