Кадамжайдагы курулушка деп бөлүнгөн 2,5 млн сом кимдин чөнтөгүндө?

Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн эскилиги жеткен имараты жарым кылым мурда курулган. Мындан улам эки жыл мурда жаңысы салына баштаган эле. Бирок курулуш көрсөтүлгөн убакта бүтпөй, токтоп калды. Эски имаратта кыйналып жаткан айыл өкмөттүн өкүлдөрү курулушту эртелетүүнү өтүнүшүүдө.

Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын имараты 60 жыл мурда курулуп, бирок авариялык абалда турат. Андыктан, жаан- чачында тамчы өтүп, бөлмөлөр ным жыттанат.

“Жыл сайын майда одоп- түзөөдөн өткөрүп эле келе жатабыз. Имараттын асты цемент болгондуктан, кышкысын аябай суук болот, жамгыр да өтөт”,- дейт Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын кызматкери Ханзада Жумабаева.

Жаңы итмараттын курулушуна  2016-жылдын август айында тендер өткөрүлүп , конкурс жарыяланган. Тендердин негизинде 6 млн 200 миң сомдук баага “Универсал Технолайн”  жоопкерчилиги чектелген коому  утуп алган. Аталган коом курулуш иштерин ошол эле жылдын сентябрь айында баштап, бир жылдан кийин бүткөрүп берүүнү убадалаган. Бирок курулуш токтоп калга.

“6 млн 200 миң сомдун 3 млн сому бөлүнгөн. Ал каражатты “Универсал Технолайндын”жетекчиси иштеткен. Эмне себептен курулуш токтоп калды, билбейбиз”,- деди Кыргыз- Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Толкунбек Эрдавлятов.

6 млн сомго бааланган имараттын 800 миң сомдук гана иши араң  бүткөн. Жумуш жүрбөгөндүктөн, аталган компаниянын иши сотко өткөрүлгөн. Натыйжада сот 2 млн 200 миң өндүрүлсүн деген чечим чыгарган. Бирок акча азырга чейин өндүрүлө элек.

“Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Аталган коомго карата чечим чыкса, кайрадан тендер жарыяланып, утканы курулушту улантат”,- деп билдирди облустук курулуш башкармалыгынан Адилет Орозбаев.

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтү 52%дык датацияда тургандыгына байланыштуу өздөрү курулушту улантууга мүмкүнчүлүгү жоктугун айтышат. Ал эми курулуш башкармалыгы качан гана тергөө амалдары ишке ашканда имарат кайрадан курула башталаарын билдирди.

Сюжет: Феруза Аскарбек кызы, Жырга Абдижалил уулу.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген