Кадамжайда жоголгон баланын жансыз денеси табылды

Баткен облусунда жоголгон баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда Кадамжай районунун тургуну, 2006 -жылы туулган Д.у.Ө., үйдөн чыгып, тоону көздөй бет алган жана кайра кайтып келген эмес.

Баланын сөөгү, кечээ 9 -сентябрда ички иштер министрлиги тарабынан Кадамжайдагы Нургазиев каналынан табылган. Маркум туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.