Кадамжайда тоноочулук менен алектенген жаран кармалды

Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында,  Кадамжай районунун 28 жаштагы А.Т. аттуу жаран тоночулукка шектелип кармалган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы 44 жаштагы тургундун үйүнөн үй тиричилик буюрдары жоголгондугу туурасында арыз менен жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылган. Шектүү катары ошол эле айылдын тургуну, Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучуга 200000 сом өлчөмүндө зыянга учураган.Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген