Кадамжайда төрт адам баңгизат жана курал менен кармалды

Кадамжайда 40 адам баңгизатын колдонуучу катары райондук ички иштер бөлүмүнүн каттоосунда турат . Акыркы кармалгандардын жанынан баңгизатынан сырткары, ок атуучу курал да табылды.

Наркотикалык затты колдонуп жүргөн делген шек менен  19-март күнү төрт жаран Кадамжай шаарындагы автобекеттен кармалган. Алардын автоунаасынан 9 граммга жакын гашиш  табылды. Тинтүү жүргүзгөн учурда машинада 5 даана ок атуучу курал да болгон. Шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, учурда райондук ИИБнын кармоочу жайында турушат.

Быйыл 3 ай ичинде эле баңгизатка байланыштуу 2 кылмыш иши козголуп, шектүү делгендерден 13 грамм манзат алынган. Алардын баары химикат аралашпаган наркотикалык заттын гашиш түрү болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген