Кадамжайда окуучулар, мугалимдер калкка коронавирус боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айылынын Молдо Нияз мектеп-гимназиясынын мугалимдери, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү, айылдык кеңештин депутаттары жана дарыгерлери коомчулукка COVID-19 илдетин жайылтпоо жана сактануу жолдору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

“Азыркы учурдун эң кооптуу болгон кырдаалда окуучу балдардын ден соолугун сактоо максатында айыл элине бул илдеттин кооптуулугу жана ар бир адам өз ден соолугу үчүн өзу жооптуу экенин айтып, учурдагы эрежелерди так сактоо менен гана бул илдеттен сактана алышарын тушүндүрдүк. Андан сырткары, коронавирус боюнча брошюраларды таратып, сактануучу каражаттардын ар бир коомдук жайларда жана ар бир адамда шарттуу түрдө болушун көзөмөлгө алуу жана кырдаалга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектиги эскертилди”, – деди орус тили жана адабияты мугалими Асел Абдикаримова.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.