Кадамжайда кыргыз-тажик биргелешкен ишканасы ачылды

Кадамжайда кыргыз-тажик биргелешкен мөмө-жемиштерди кайра иштеп чыгуучу ишкана ачылды. Учурда 30 киши жумушка кабыл алынып, жумуш жолго коюлду. Суткасына 2,5 тонна продукция өндүрүлүп, дүйнөлүк рыноко чыга алат. Ал үчүн Казакстан, Орусия менен келишимдер түзүлгөн.

Кадамжайлык дыйкандар көбүнчө мөмө-жемиштерин базарга гана өткөрүшчү. Бирок кардарлар аз болгондуктан киреше жакшы болбой келген. Мындан улам кургатылган мөмө-жемиштердин басымдуу бөлүгүн ички рынок аркылуу коңшу өлкөлөргө сатышчу. Эми Үч-Коргон айыл аймагынын Калача айылына  мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех ачылып, дыйкандар базарларга  чыкпай туруп, жемиштерин дүң баада цехке тапшыра ала турган болушту.

“Баткенде мөмө жемиштер бышып, түбүнө түшүп калып жата берет. Биз мына ошолорду кайрадан иштеп чыгарууну чечтик. Бул жерде алма, бадам, өрүк, ит мурун сыяктуу бардык эле кургатылган мөмө-жемиштер кайрадан иштелип чыгарылат. Продукцияларга суроо-талаптар көп”,– дейт “Интерфрукт” ишканасынын жетекчиси Аббосжон Модазимов.

Кыргыз-тажик биргелешкен ишканасын ачууга жалпы 16,5 млн сом акча каражат жумшалды. Баткен облусу боюнча ушул сыяктуу  жалпы 20 ишкана бар. Алдыда Кара-Бак айылына да цех куруу пландалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген