Кадамжайда казылып жаткан газ куурлары дыйкандарды ачка калтырганы турат

Кадамжай районунун Кыргыз- Кыштак өкмөтүнүн дыйкандары “Интергаз” ишканасынын кызматкерлерине нааразы. Анткени эгин эгип, көчөт өстүргөн жерлер уруксатсыз казылып жатат. Ал гана эмес, эгин талааларына барчу суу да тосулуп, натыйжада талаалар кургап, көчөттөр соолуп калды.

Кадамжайдагы союз  убагына таандык болгон  газ куурлары иштетилбей жаткандыктан, “Интергаз” ишканасы куурларды казып алууну баштаган. Казуу иштери Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жүрүп, дыйкандардын нааразычылыгын жаратууда.

Аталган газ куурларын казуу Кыргыз- Кыштак айыл өкмөтүндөгү 14 чакырым аралыктан өтүп, 100дөгөн үлүш жер-тилкелерин аралайт. Мындан улам суу өтүүчү арыктар тосулуп, бак- дарктар жана эгиндер куурай баштаган.

“Эккен эгинибизден кол жуудук, баарынан куру калдык. Көчөттөрүбүз куурап калды, буга ким жооп берет? Канчалаган мээнетибиз текке кетти. Өзүбүз дыйканчылык менен күн көрүп, балдарыбызды дыйканчылык менен багып жаткан учурда жеп жаткан наныбызды тартып алгандай эле болду”,- дейт Кайтпас айылынын тургуну Үсөн Эргешов.

Дыйкандардын айтымында, талаалардагы казуу иштерин баштоонун алдында эскертүүлөр берилип, уруксат алынган эмес. Аталган айыл өкмөтүнүн жашоочулары жергиликтүү бийлик куур казууда коррупсияга жол берген деген ойлорун айтышууда. Тургундардын бул пикирин жерди казып жаткан кызматкерлер бекемдешти.

“Айыл өкмөткө барып сурагыла, андагылар айтып берет. Демөөрчүлүк жардам деп 7 млн сом берилген. 1 кмди 5000 сомдон эсептегенде, 24 км жерден 7 млн сом айыл өкмөткө берилген. Бул сумманы андагылар жеп алып, эми көйгөй жаратып атышат”,- дешти ишкана кызматкерлери.

Ал эми айыл өкмөт мыйзамсыз аракетке жол берилбегенидигин айтат. Айтымдарында соттун чечими менен гана газ түтүктөрү казылып, жеке ишкерге сатылган.

“Биз азыр барып тоскоолдук кыла албайбыз, казба деп айта албайбыз. Антсек эле соттун чечимин көрсөтүшөт,  а биз соттун чечимине каршы бара албайбыз. “Интергаздан” эч кандай акча алган эмеспиз”,- деп билдирди Кыргыз- Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Дастанбек Досатов.

Мындан улам айыл өкмөткө куурлар үчүн акча төлөнгөн же төлөнбөгөндүгү белгисиз бойдон калууда. Ал эми менчик ээси 2014-жылдагы соттун чечими менен карамагындагы куурларды алууну улантып жатат. Андан жапа чеккен дыйкандар кимге кайрылаарын билбей, аргалары түгөнүп турган учуру.

Аталган газ түтүктөрү 1960-жылдары Өзбекстандын газ трассасы болуп иштеп турган. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кандайча интергаз ишканасынын балансына өтүп калгандыгы азырынча белгисиз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген