Кадамжайда элдин күчү менен курулган канал ишке кирди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктап, текшерүү үчүн, алгач ирет суу берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы Исфайрам дарыясынан Майдан айылына таза суу жана сугат суу тартып келүү боюнча жергииктүү эл демилге көтөргөн. Мындан улам жергиликтүү бийлик каржы булагын издеп, Беш-Арча тоо кен ишканасынын социалдык пакети жана “Ассалам” Кайрымдуулук Фондунун колдоосу менен курулуш башталган.

Натыйжада узундугу 7,5 км болгон канал курулуп, 300 гектар жерге сугат суу жана 330 кожолукка таза суу жеткирилди.

“Буга чейин айыл эли таза суу жана сугат суу үчүн Бант булагынын суусун пайдаланып келген. Жалпы жумуш 98% аяктап, 12,8 млн сом жумшалды”,- деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү эл курулушка акысыз иштеп, андан тышкары эки оор техниканын айдоочусун эмгек акысын төлөп беришкен.

Баткен: Жалпы эл медицина кызматкерлерин колдоого киришти

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.