Кадамжайда ашар жолу менен суу чыгарып жатышат

Кадамжай районунун Кереге-Таш айылында быйылдан тарта сугат суу тартыш болбойт. Ал үчүн жашоочулар 7,5  чакырым аралыктан канал казып жатышат.

Азыркы тапта иш ыргагы кызуу. Мурдагыдай каржы тартыштыгынан үзгүлтүккө учуроо ыктымалы жок. Жергиликтүү эл 10 жыл мурда демилге көтөрүп, курулушу башталган канал каржы жоктугунан бүтпөй келген. Өткөн жылы айылдыктардын демилгесин кореялык “Жаңы айыл кыймылы” колдоого алып, керектүү курулуш каражаттарын берди. Төрт айдан бери кызуу иш жүрүп, учурда иштин 90%ы аяктады.

Буга чейин Майдан айыл өкмөтүнүн Кереге-Таш айылында сугат суу таштыртыгы күч эле. Исфайрам дарыясынан насос аркылуу тартылган суунун көлөмү аз болгон үчүн кезектешип берилчү. Андан талаш-тартыш жаралып, суунун айынан чыр сотко чейин барчу. Түшүм да начарлап, дыйканчылык менен алектенгендердин саны кескин кыскарган.

Журналист: Феруза Аскарбек кызы.

Оператор-мантажер: Жыргал Абдижалил уулу.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar