Кадамжайда 27 жаштагы кишини уурдап кеткен жарандар кармалды

Кадамжай районунун 56 жаштагы тургуну 2020-жылдын 2-март күнү саат болжол менен 21:00 чамасында үйүнөн анын 27 жаштагы уулун белгисиз атуулдар чакырып чыгышып, белгисиз тарапка алып кетип калгандыгын айтып арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факт Кадамжай РИИБнин Жазык Кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынын Жапалак айылынын 21 жаштагы Р.Т., Ош облусунун Өзгөн районунун 22 жаштагы А.Э., Ош шаарынын 32 жаштагы С.Ж. жана Орусиянын аймагында каракчылык фактысы менен мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 22 жаштагы Т.Р. аттуу тургундары Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды”, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.\

Тосмо арыз тууралуу мыйзам долбоору талашка түштү. Тактык жаралабы?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген