Кадамжай: суудан табылган аялдын өлүмүнө үй-бүлөсү шектелүүдө

Кадамжайдагы каналдан табылган аялдын өлүмүнө милициял маркумдун үй-бүлөсүн шектеп жатат. Негизсиз коюлуп жаткан айыпка нааразы болгон маркумдун жолдошу жана кыздары тартип сакчылары аларга туура эмес мамиле жасаганын айтууда. 

18-май күнү Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан Чоң-Кара айылынын тургунунун жансыз денеси табылган. Маркум кандайча каза болгондугу боюнча  экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бирок милиция аялдын жакындарын  коркутуу жолу менен  күнөөнү аларга оодара салууга аракет жасап жаткандыгы тууралуу сөздөр айтыла баштаган.

Каналдан табылган аял өз жанын кыйганбы же кокустук болгонбу, азырынча белгисиз.

“Далилиң жок туруп бирөөнү айыптай албайсың да, күмөн санай албайсың. Милицияларга ушуну айттым, бирок алар анда өзүң өлтүрүпсүң, сени баары бир камайбыз деп атышат”,- дейт маркумдун жолдошу Мирланбек Арзыбаев.

Маркумдун денеси муздай электе милиция туугандардын баарын дүрбөтүп, күнөөнү үй-бүлөсүнө жүктөөгө аракет кылып жатат дешет жакындары.

“Милиция бизге апаңы силер эле чогулуп өлтүрүп койдуңар, моюнуңарга алгыла деп жатат. Өзүм апамын жок экенине ишене албай араң жүрсөм, апаңы өлтүрдүң дешет. Кантип, ким эле өзүнүн апасын өлтүрсүн”,- деди маркумдун кызы.

Бирок бул маалыматты тиешелүү кызмат четке кагууда. Табылган денеде ар кандай жарааттар бар экендиги аныкталган. Соттук экспертизанын жыйынтыгы 18-май күнү эле чыгып, натыйжада кылмыш иши козголгон.

“Көздөрү көгөргөн, моюнунда жип менен муунтулгандан калган издер бар. Маркум каракуш мээсинен катуу жараат алып, омурткалары да сынган. Ушулардын баары аныкталгандан кийин, “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду”,- деди Баткен облустук ИИБнын маалымат катчысы Дамира Юсупова.

Маркумдун артында 1 уул, 4 кызы калган. Аялдын өлүмү боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жыл башынан бери облус боюнча жалпы 10 жансыз денени табуу фактысы катталган болсо, алардын бирөөсүнө гана кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сюжет: Феруза Аскарбек кызы, Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген