Кадамжай сурма комбинаты 15 жылдан кийин кайрадан ишке кирет

Кадамжай сурма комбинаты 15 жылдан кийин кайрадан ишин жандантуу алдында турат. Кытайлык инвесторлор марттан бери эксперимент жүргүзүп,  бир ай ичинде 25 тонна сурма өндүрүлгөн. Сыноо иретиндеги аныктоодон кийин кытайлык компания сурма комбинатынын ишин толук кандуу жандантууну чечишти.

Жетекчилик комбинаттын ишин май айында толук жандантууну көздөп турат. Компания баалуу металды айына 75 тоннага чейин өндүрүп, Кытайга жөнөтүүнү пландап жатат.

“Учурда келишимдер түзүлүп, документация маселелери да чечилип калды. Жакында комбинат ишке кирет”,- дейт Кадамжай сурма комбинатынын инженери Байзак Исаков.

Сурманын тоннасы 3 жарым миң доллар болсо, анын 15%ы мамлекеттин бюджетине түшкөн комбинатта учурда 30 киши иштейт. Май айынын ичинде дагы 60 адам жумуш менен камсыздалуу алдында турат. Бир жарым миллионн долларга инвестицияланган өндүрүш ишканасына өткөн жылы лицензия берилген.

Кадамжай сурма комбинатынын мамлекетке болгон карызы 80 млн сомдон ашкан.  15 жыл мурун Казакстанга сатылып кеткен комбинатта бир килограмм да сурма өндүрүлгөн эмес.

Аталган комбинатта убагында дүйнөлүк деңгээлдеги металлургиянын 14 түрү чыгарылчу. Азыр сурма гана өндүрүлүп, түшкөн киреше менен карыздарды жабуу пландалып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген