Кадамжай райондук ооруканасына жеке ишкер өз каражатынан реанимобиль унаасын белек кылды

Кадамжай райондук аймактык ооруканасы жаңы, заманбап үлгүдөгү реанимобиль унаалуу болду. Бул тууралуу Ош мэриясынын пресс катчысы Азамат Абсаттаров Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

Аталган ооруканага жаңы унааны жеке ишкер Бурул Кушбек аттуу айым өз каражатынан тартуулаган. Анын бул аракети Фейсбук колдонуучулары тарабынан ыраазычылык сөздөргө арзып, Бурул Кушбектин иштерине ийгилик каалагандардын саны көбөйүүдө.

Азамат Абсаттаров белгилегендей, ушундай эле кайрымдуу иш-чараны өткөн жылы Бурул Кушбектин жолдошу Расул Айдаров тарабынан жасалып, анда Ноокат райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө унаа белек кылынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген