Кадамжай: күйүүчү май ташыган автоунаа оодарылып кетти

Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунун 125-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 6-февралда түштөн кийин болду. Кадамжай районунда кырсыкка учураган “Renault” үлгүсүндөгү автоунаа 40 тоннага ылайыкташкан. Анда солярка болгон. Анын көлөмү канча экени жана канчасы төгүлүп калганы такталууда.

Окуя болгон жерге Кадамжай райондук №76 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген