Кадамыңар түз болсун! «Ысык-Көл» ордосунда 3 эмдин тушоосу кесилди

6-сентябрда «Кырчын» этношаарчасындагы 140ка жакын боз үйдөн турган «Ысык-Көл» ордосунда 3 эм балдардын тушоо кесүү тоюн театрлаштырып көрсөтүштү. Тойдо  байыркы кыргыздын жашоосун чагылдырган каада-салттар, бата берүү, алгачкы кадам шилтегендеги ырым-жырымдар менен кошо аш-тойдун болоорун  жарчы коштоп турду.

Көчмөндөр оюнунда тушоосу кесилген бөбөктөр –  бир жаштагы  Адил, Аделя, Алия. Алар төрөлгөндө өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков  наристелерге каалоо-тилегин билдирип, көрүп кеткен.

“Алгачкы кадамды таштагандагы ак-кара жүндөн эшилген жиптин, журт атасы акылман аксакалдын, ак элчекчен байбичелердин берген батасынын философиялык маанисин, дегеле кыргыз жашоосун чагылдырабыз”, – деди Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Баякунова.

Жаш  үй-бүлөнүн үч эм  бөбөктөрүнүн тушоосу жети дубандан  келген коноктордун  жана  чет өлкөлүктөрдүн  катышуусунда кесилди.  Тушоо тойго келгендердин баарына чачыла таратылып,  конокторго салттуу бийлерден, ырлардан жана ак элчекчен апалардын ырларынан, комузчулар коштогон концерт көрсөтүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген