Кадаймжайда сөөлжан баккан фермер бир жарым айда 350 миң сомго жакын киреше табат

Райхан Салиева 30 жылдан бери сөөлжан багып, биогумус жер семирткичин өндүрөт. Сөөлжандын калифорник түрүн ал Америкадан алдырган. Алгачкы 1 миллион даана сөөлжаны учурда миллиарддап көбөйгөн. Фермердин айтымында, биорганикалык түшүм алүү үчун биогумустун ролу чоң.

 “Калифорник черви деген соолжандын түрү. Бул биздин жашоого эң пайдалуу. Анткени булар күнүмдүк турмушта колдонулуп ташталган калдыктарды , малдан чыккан, аш канадан чыккан калдыктарды жеп, бизге эң керектүү жер семирткич кылып беришет. Анын курамында 1 да химиялык зат жок”, деди Райхан Салиева.

Миллиарддаган сөөлжандар узундугу 25, туурасы 2 метр, тереңдиги 1 метрге жеткен чуңкурда жашайт. Аларга күнүнө 1 тоннадай калдыктарды: темир, таш, синтетика жана пластикадан башка баардык калдыктардын түрун жеп кайра иштетип, аны биогумуска айландырат. Бир айда 24 тоннадай калдык берүү менен 20 тонна биогумус өндүрүшөт. Соолжандар башка жака тарап кетпеси үчүн аянттын айланасын бетондолгон.

Сөөлжан 50 жыл жашоочу жандык. Ургачысы жумасына 27 жумуртка таштаса, эркеги 28ди коёт. Башкача айтканда, жумасына 27,28 эсеге көбөйүп турат. Ошентип миллиарддан ашык сөөлжандан 1 жарым айда 20 тонна биогумус бөлүнүп чыгат. Фермер даяр болгон жер семирткичтин киллограммын 17 сомдон сатып, 1 жарым айда 340 миң сом киреше табат. Анын негизги кардарлары Бишкек шаарындагы күнөскана иштетүүчүлөр.

 “Сөөлжандын салмагы 2 грамм. Ал бир күндө 12 граммдан биогумус чыгарып берип жатат. Бизге эч кандай техника иштеп жаткан жок , чыгаша болбойт. Учурда Бишкектеги күнөскана ээлеринен 200 тоннага буюртма түштү”, – деди фермер Райхан Салиева.

 Биогумустун пайдалуулугу – тушумдүүлүктү 30,40%га жогорулатат жана таасирин 3 жылга чейин жоготпойт. Жер семирткичтин жардамында өсүмдүккө зыянкечтер түшпөйт. Нымдуулук сакталат жана курамында нейтрат жок биорганикалык түшүм алынат. Тагыраагы, ЕАЭБдин талабындагыдай продукцияны алууга болот. Ошол себептүү фермер ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландоодо.

“Чүйө чоң базасын ачалы деп турабыз. Анткени ал жерде булар жей турган сырье өтө көп экен. Ал жерден чоң көлөмдө өндүрүп Кыргызстанга эле эмес башка өлкөлөргө да биогумус экспорттосок болот”, – деди фермер.

Сөөлжан багып биогумус өндүрүү ыкмасын  фермер Салиева ар бир үй-бүлөгө сунуштайт. Анткени ага эч кандай техниканын кереги жок, болгону өздөрүндөгү калдыктарды колдонушат. Айтымында, сөөлжандар таштанды талаадагы акыр-чикирдин 70%ын жей алат. Ошондуктан, тиешелүү тармактар дагы колдонсо, экологияга жакшы таасирин тийгизмек.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz