Кабулдагы терактта 50дөн ашуун киши набыт болду

Кабулда диний кызматкерлер чогулган жерде жанкечти өзүн жардырып, элүүдөн ашык киши көз жумду. Бул тууралуу Ооганстан ИИМинин расмий өкүлү билдирди.

Чабуулдан 80ден ашуун киши жарадар болду.

Иш-чара өтүп жаткан имарат Кабул аэропортунун жанында жайгашкан.

Ислам жана диний агартуучулукту иликтеген жүздөгөн мусулмандар студенттер менен бирге маданият фестивалынын алкагында салттуу Куран окуу жөрөлгөсүн өткөрүп жатышкан.

Азырынча кыянаттыкты ким жасаганы белгисиз. Бул кол салуу ооган баш калаасында соңку айларда орун алган эң кандуу чабуул болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген