Кабулдагы талиптер демонстрант аялдарды көздөн жаш агызуучу газ менен таркатышты

Кабулдагы талибдер көздөн жаш агызуучу куралды колдонушуп, өз укуктарын талап кылган аялдардын демонстрациясын таркатышты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Анын айтымында, ондогон демонстранттар президенттик сарайга карай жөө жүрүшкө чыкканда, талибдер көздөн жаш агызуучу газды колдонушуп, калемпир чачыратуучу жана мылтык менен ок чыгарышкан.

Митингчилердин бири агенттикке талибдер аялдардын башын дагы сабаганын айтып кайрылган.

Бирок, талиптер нааразылык акциясы көзөмөлдөн чыкпаганын ырасташууда, деп жазат ооган Tolo News.

Белгилей кетсек, “Талибан” кыймылына Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.