Кабулда аялдар укуктарын урматтоону талап кылган пикетке чыгышты

Кабулдун беш тургуну пикетке чыгып, аялдардын укуктарын сактоону талап кылышты. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматы боюнча, аялдар колдорунда баракчалар менен шаардын көчөлөрүн аралап, өз талаптарын айтышкан. Алар талибдердин аялдардын саясий жана жарандык укуктарын урматташын жана аларды өкмөттөн четтетпешин каалашат.

Митингчилер колдоруна пушту жана англис тилдеринде жазылган
«There are Afghan women» «Бул жерде Ооган аялдары бар» деген плакаттарды алып чыгышкан.

Буга чейин Ооганстанда бийликке келген талиптер аялдарды жаңы өкмөткө чакырган.

11-августта талиптер 12 жашар кыздарды күч менен кулчулукка сатып жатканы кабарланган.

Daily Mailдин маалыматы боюнча, согушчан командирлер ээлеген жерлериндеги имамдарга аскерлерин күйөөгө берүү үчүн 12 жаштан 45 жашка чейинки турмушка чыга элек аялдардын тизмесин алып келүүгө буйрук беришүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.