Кабул аэропортунда жардыруу болду. Каза болгондордун саны 100дөн ашты

Кечээ, 26-августта, Ооганстандын борбору Кабулда жарылуу катталды. Жарылуу эвакуацияны күтүп жаткан британиялык жарандардын көпчүлүгү жайгашкан аэропортко карама -каршы жайгашкан “Baron” мейманканасынын алдында болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кабул аэропортундагы жардыруулардын курмандыктарынын жалпы саны, анын ичинде америкалык аскерлердин өлүмү 100дөн ашты.

Гезиттин маалыматы боюнча, чабуулда кеминде 90 ооган жараны жана 13 америкалык аскер набыт болгон.

Жалпысынан маалыматта беш жардыруу катталганы айтылат. Кабул аэропортунда эки жардыруу болгон. Аны жанкеч жасаган, андан кийин мина коюлган унаа жарылган.

Жалпыга маалымдоо каражаттары “Ислам мамлекети” уюмунун билдирүүсүнө таянып, Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган бул топ аэропортко кол салуу үчүн жоопкерчиликти алганын жазып чыгышты. Америка Кошмо Штаттары кол салууларга “Вилоят Хорасан” катышкан деп эсептейт.

АКШнын президенти Жо Байден “Вилаят Хорасандын” лидерлерине жана буталарына сокку даярдоого буйрук берди. Ал кол салууга күнөөлүүлөр табылып, жазаланат деп ишендирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.