Кабул аэропорту үч күндүн ичинде эл аралык каттамдарды кабыл алууну жана жөнөтүүнү калыбына келтирет

Кабул аэропорту үч күндүн ичинде эл аралык каттамдарды кабыл алууну жана жөнөтүүнү калыбына келтирет. Бул тууралуу аба портунун администрациясы билдиргенин “Комсомольская правда” гезити жазып чыкты.

Анда булак, Кабул аэропортунун администрациясы аэропорт үч күндүн ичинде радикалдуу “Талибан *” тарабынан токтотулган эл аралык каттамдарды кабыл алууну жана жөнөтүүнү калыбына келтирерин билдирди.

“Ооган, түрк жана катарлык адистерден турган техникалык комиссия жарандык авиация башкармалыгына Кабул аэропорту үч күндүн ичинде эл аралык каттамдарга даяр болот деп ишендирди”, – деп айтылган администрациянын билдирүүсүндө.

Буга чейин талибдердин өкүлү Забихулла Мужахид талибдер 2021 -жылдын 31 -августунан кийин Кабулдан эвакуациялоого тыюу салат деп айткан.

Муджахиддин айтымында, радикалдар буга чейин эл аралык аэропортко баруучу жолду бууп, чет өлкөлүк жарандардын гана өтүүсүнө уруксат беришкен.

Буга чейин, аэропорт Ооганстандан кетүүнү каалаган элдин көптүгүнөн жабылган.

*”Талибан” террордук кыймылына Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.