Күзүндө Базар- Коргон району 100 жылдыгын белгилейт

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району 100 жылдыгын белгилейт. Ага карата учурда кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Жүз жыл айтканга оңой болгону менен бул мезгил аралыгында район бир топ тарыхый учурларды баштан кечирди.

Базар-Коргон району алгачкы ирет 1918-жылдын 1-мартында волос катары уюштурулган. Тарыхчылардын айтуусунда, мындай аталыш ошол кездеги район деген маанини туюнткан. Мындан улам аталган админстративтик аймактын түзүлгөндүгүнө 100 жыл деп айтууга толук негиз бар.

“Түштүк жергесиндеги эң алгачкы ачылыштар Базар- Коргондо ачылып жатат. Бул район ушунусу менен сыймыктанса болот. Бул деген Базар- Коргондун жүз жылдык тарыхы бар, чоң мааниге ээ район дегендик”,- деп билдирет тарыхчы Айсулуу Калмурзаева.

Райондун учурдагы калкы соңку эл каттоонун жыйынтыгы менен 170 миңден ашат. Район элинин негизги киреше булагы айыл чарбасы жана мал чарбачылыгы. Мындан улам, ички дүң продукциянын дээрлик 70%ын айыл чарбасы түзөт. Ал эми өнөр жай тармагы болгону 4% гана.

“Район улам- улам өнүгүп келе жатат. Мурда бир гана пахта жыйноочу жай болсо, азыр пахтаны кайра иштетүүчү үч завод иштейт. Андан тышкары 6 кыш чыгаруучу заводдор бар”, -деди Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Замира Адышева.

Жалпы жонунан алганда райондо ири өндүрүштүк жайлар жок, бирок чакан ишканалар жүздөп саналат. Район жетекчилиги маалымдагандай, завод-фабрикалар курулбаганы менен, социалдык мекемелерге жакшы көңүл бурулган.

“Бүгүнкү күндө жаңы 5 мектеп түшүп жатса, анын экөөсү республика эсебинен, үчөөсү жергиликтүү бюджеттен курулуп жатат. Ошондой эле алдыда 3 бала бакчаны ишке киргизүүнү пландап жатабыз, бирөөсү жакында ачылат”,- деп билдирди райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов Тыныч.

Базар-Коргон районунун 68%ы таза суу менен камсыз болгон. Ал эми райондун жылдык ички дүң өндүрүмү 10 миллиард сомду түзөт. Ошондо ар бир жанга жылдык киреше орточо 8 миң сомдон туура келет. Бул көрсөткүчтөр Базар- Коргон өлкө боюнча эң төмөнкү баскычта тураарынан кабар берет.

“Базар- Коргонго шаар статусу берилиши керек деп жатышат. Бирок бул район шаар макамын алганга али эрте. Шаар болгондон кийин шаардын бардык социалдык структураларын, социалдык жаратылышын тейлеши керек”,- дейт район тургуну Базаркул Асанбеков.

Тарыхый булактардын хроникасы боюнча Базар-Коргон районуна ушул жылдын 1-мартында 100 жыл толгон. Бирок расмий иш-чаралар күз мезгилинде болоору пландалууда. Ал үчүн бир нече жолу марафон өткөрүлүп, 2 млн 700 миң сом каражат жыйналган. Алдыда дагы мындай марафондор жүргүзүлүп, 100 жылдыкка карата район борборундагы эс алуу багы реконструкцияланат.

Сюжет: Кабылбек Көчкөнбай уулу, Шайр Зайырбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген