Күз мезгили жөнүндө кызыктуу 15 факт

Алтын күз – жылдын эң кызыктуу жана кооз мезгилдеринин бири. Бирок баары эл бул нерсе менен макул эмес: кээ бир адамдар күздү соолуу менен байланыштырса, кээ бири башка жыл мезгилдерин жактырышат. Сары, кызыл жалбырак оронгон бактар жана парк, токойлор кандай кооз, ээ? Бекеринен дал ушул жыл мезгили сүрөтчүлөргө, акын-жазуучуларга чыгармачылык эргүү алып келбейт.

Күз мезгили жөнүндө кызыктуу фактылар:

 – XVIII кылымга чейин Орусияда күз 1-сентябрдан эмес, 23-сентябрдан тарта башталып, 25-декабрга чейин уланган.

– Түштүк жарым шарда март, апрель, май айлары күз айлары аталат.

– Жердин экватор кесип өткөн аймагында күз болбойт. Негизи эле ал жакта кыш же жай болуп өзгөрбөйт. Кургакчылык жана жаанчыл убакыттар гана болот.

– Күз депрессиясы – чындык диагноз. Күз болгон өлкөлөрдө калктын 5 пайызы бул оору менен жабыркайт.

– Кыска мөөнөттүү күздөгү жылуулук дээрлик жыл сайын болот.

– Расмий түрдө, метеорологиялык күз календардык күн менен дал келбейт, анткени атмосфера жана топурак мезгилдердин алмашуусун жарым-жартылай жайлатат.

– Жалбырактын курамындагы жашыл түс берген хлорофиллдердин азайышы менен жалбырактар сары түскө боелот.

– Жыл сайын күзүндө жолду баса турган нымдуу жалбырактар ​​тайгак болот. Жөө жүргүнчү алардын үстүнө оңой кулап кетиши мүмкүн, ал эми унаанын жалбырактардагы тормоздугу 5-10 эсе узарат.

– Статистика боюнча кыш, күз, жай айларына караганда эң көп күз мезгилинде үйлөнүү-үлпөт тойлор көп болот.

– Психоаналитиктердин айтымында, көпчүлүк адамдын күз коркуу сезимдерин солгундатат.

– Этимологиялык жактан караганда “күз” сөзү “түшүм жыйноо” деген маанини түшүндүрөт.

– Америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, башка айларда төрөлгөндөргө караганда күздө төрөлгөндөр узак өмүр сүрүшөт.

– Күздө күн менен түн 22синен 23-сентябрга караган түнү теңдешет. Ошондуктан, илгери күздүн башталышын айдын биринен эмес, жыйырма үчүнөн эсептешкен.

– Кезинде Ирландияны жердеген кельттар август, сентябрь, октябрь айларын күз айлары деп эсептешкен.

– АКШда күзгү кыска мөөнөттүү жылуулукту индиялык жай деген болсо,  Германияда жана Австрияда – кемпир, ал эми Балканда – цыган деп аташат.

Даярдаган: Акчолпон Кубаныч кызы.

Берекеси төгүлгөн алтын күз. Фоторепортаж

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген