Окулист Алишер Темиров: конъюнктивит жугуштуу оору

“Шайыр кошуналар” программасынын кезектеги коногу Ош шаардык ооруканасынын көз дарыгери Алишер Темиров. Угармандар узаткан суроолорго жооп берди.

Коногубузга алгач кесибине байланыштуу логикалык суроо менен баштадык.

Кемпир чалды жакшы көрүш үчүн эмне кылуу керек?

Алишер: Чалды жакшылап караш керек, же көздү чоң кылып ачыш керек. (Туура жооп: Көз айнек тагыныш керек)

Чачымды боёгонумда көзүм кызарып, кычышып ооруйт эмне кылсам болот?

Көздүн айрым оорулары жугуштуу болот (мисалы, конъюнктивит, трахома, блефарит жана башка). Ал шейшеп, сүлгү, бет аарчы жана башка аркылуу жугат; көп учурда оору козгогучтар көзгө кир кол менен түшөт, ошондуктан көздү сактоо жана ар кандай дарттардан коргоо үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Сиздин көзүңүздүн оорусу хранический конъюнктивит. Негизинене конъюнктивит микробдун, вирустун, физикалык жана химиялык факторлордун (чаң, кум, химиялык заттар жана башка) таасиринен пайда болот. Кээде оору көзгө ультракызгылт-көк нурдун, электр тогунун кескин таасири, организмдин медициналык дары-дармектерге, химиялык заттарга өтө сезгичтиги, ошондой эле көздүн өтө муздашы же ысышы, көзгө күч келтирип караңгы бөлмөдө иштөө, астигматизм, жакындан начар көрүү түрткү болот. Мындан тышкары ичеги карын оорулары, ичкиликти көп ичүү да себеп болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурда ооруну оорулуу адам таратат.

Акыркы учурларда көзүмдүн көрүүсү начарлап баратат кеңеш бериңизчи?

Көрүү начарлай баштаса, сөзсүз түрдө врачка кайрылыш керек. Врачтын кеңеши менен гана көз айнек тагыныш да талапка ылайык. Убагында врачка барбай жүрүү көздүн көрүүсүн начарлатып, көрбөй калуу коркунучу да жогору.

Көздүн жакшы көрүүсү үчүн үй шартында эмне кылсам болот?

Элдик медицинада көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн көптөгөн ыкмалар бар. Мисалы: Күнүнө эки жолу жарым стакандан үй шартында даярдалган өрүктүн ширеси, балык, сабиз, кызылча, цитрус жемиштери. Андыктан бул жемиштерди жумасына бирден сөзсүз жеп туруу ден-соолукка пайдалуу. Жумасына бир жолу эки- үч цитрус жемишин жеп туруу көрүүнүн бузулуусунун алдын алат.

Линзанын пайдасы жана зыяны тууралуу айтып бериңизчи?

Линзаны тагынууда биринчиден тазалыкты сактоону кеңеш берет элем. Анткени, линза аркылуу ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн. Линзаны  көпкө тагынууга болбойт. Көпчүлүгү түстүү линзаларды сулуулук үчүн колдонушат, бул линзанын пайдасына караганда зыяны көбүрөөк. Анын ордун  көз айнек менен алмаштырган туура.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген