Күттүргөн кар. Оштогу кыш

Аппак карды быйыл Ош шаарында жаш балача зарыгып күтүп жатышат. Кыш түшкөндөн бери 17-январда үчүнчү ирет кар жаады. Айлананы үстүртөн гана ак түскө боегон кар бүгүн ээрип, кечээги сулуулуктун изи калган жок. Сүрөтчүбүз Заир Абдукеримов күттүрүп жааган аппак карды сүрөттөрдө “ээритпей” сактап калганга аракет кылды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген