Күрөш боюнча олимпиадага жолдомо турнири Бишкекте өтөт

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча Токио-2020 жайкы олимпиадасына тандоо турнири Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев “Маралга” билдирди. 

Анын айтымында, Токио олимпиадасына тандоо мелдеши эркектер жана кыз-келиндер арасына 25 – марттан 1 – апрелге чейин Бишкек шаарында өтөт.

“Кыргызстан аталган мелдешти өткөрүүгө расмий жоопкерчиликти алды. Учурда турнирге даярдык иштери башталып, мелдеш өтүүчү жайдын даярдыгы, күрөшкө келгендер жайгаша турган мейманканалар такталып жатат”, -деди Турганбаев.

Эске салсак, аталган мелдеш 27-28-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өткөрүлүшү керек эле. Бирок, Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму коронавируска байланыштуу башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган.

Күрөш боюнча олимпиадага тандоо мелдеши Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген