Күрөш боюнча олимпиадага тандоо мелдеши Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

Күрөш боюнча Токио-2020 жайкы олимпиадасына тандоо турнири Кыргызстанда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясы кабарлады. 

UWW Asia эл аралык уюму Кытайда өтө турган турнирди Кыргызтанда өткөрүүнү суранып КРнын күрөш федерациясына кайрылды. Эгер федерация бул сунушка макулдугун айтса, олимпиадага тандоо мелдеши Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Буга чейин UWW Asia уюму аталган турнирди өткөрүү үчүн Түштүк Корея, Өзбекстан жана Казакстанга кайрылган. Бирок, аталган үч өлкө ал сунушту четке каккан.

Эске салсак, олимпиадага тандоо мелдеши 27-28-29-февралда Кытайдын Сиань шаарында өтөрү белгиленип, коронавирус оорусуна байланыштуу башка жакка жылдырыла турган болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген