Күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү Түркиядагы турнирде 4 медалга ээ болушту

Жаштар арасындагы аялдар күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү 28-30-май күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн XXIII эл аралык “Чемпиондор 2021” турниринде 4 медалга ээ болушту (2 күмүш, 2 коло). Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Калмира Билимбекова (салмак категориясы – 57 кг) менен Сезим Жуманазарова (59 кг) күмүш медалдын ээси болгондугу белгиленди. Айжан Сабырбек кызы (53 кг) менен Нуридин кызы Бермет (57 кг) турнирдин коло медалынын ээлери болушту.

Эске салсак, улуттук курама команданын мүчөлөрү жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 27-майдан 31-майга чейин Стамбулдагы мелдештерге катышууга жолдомо алышкан.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.