Көптүн бири. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар кантип жашап жатат?

Төрт дубал жана эненин кайгыга толгон көздөрү. Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көбүнүн жашоосу ушундай. Баласы башкага окшобогонун билип, сынган ата-эне, айланадагылардын жактырбашы, инфраструктура жана шарттардын жоктугу, жакырчылык – ушунун баары өзгөчө балдардын башкалар менен алака түзүшүнө, билим алып, коомдун бир бөлүгү болушуна тоскоол болот. Алардын тагдыры – өмүр өткөнчө бирөөнүн багуусунда болуу, мунун акыр-аягы адатта кайгылуу…

Бирок мындай балдар күчтүү болорун билген ата-энелер бар. Ындыны өчүү артка сүрүлүп, кайгыдан кыял жаралат. Ушундай кыял баянын “Ытымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн”  редакциясы айтып берет.

БАРДЫК БАКТЫЛУУ КЫЗДАРДАЙ ЭЛЕ

Сабина өз алаканын, манжаларын караганды жакшы көрөт. Ал алты жашта. Күттүргөн наристе төрөлгөндө ата-энеси кубанып бүтө албай жатты. Бирок эки айлыгында биринчи жолу талмасы кармады. Мунусу кийин далай жолу кайталанып жатты. Дарыгерлер эпилепсия деп жүрөк үшүткөн диагноз коюшту. Кийин дагы дарт аныкталды – шал оорусу.

Бегимайдын окуясы – көптүн бири. Кыргызстанда ар бир жүзүнчү бала майып төрөлөт. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын саны өлкөдө жыл санап көбөйүүдө.

– Балким, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын санынын өсүшү мындай учурларды аныктоо жакшырганына байланыштуу. Майып балдардын ата-энелери жер-жерлерде борборлорду өз алдынча ача башташты. Ушинтип, балдар расмий статистикага кошулуп жатышат. 90-жылдары мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын 60-70%ы үйдөн эч жакка чыкпайт деп эсептечү элек. Азыр заман өзгөрдү, маалымат көп, ата-энелердин мамилеси да өзгөрдү. Алар баланы окутуп, өнүктүрүп, мектептке берүү керектигин түшүнө башташты, – дейт Бишкектеги “АРДИ” реабилитациялык борборунун башчысы Тамара Жумабекова.

12.jpg

Сабинанын апасы Бегимай үчүн ар бир күн таңкы саат беште башталат. Кызынын кезектеги талмасы кармады. Эпилепсиялык туталак артта калгандан кийин Бегимай кызын 1-1,5 саатка уктатат, өзү болсо тиричиликке киришет. Сабинанын турушуна таңкы тамак даяр болот. Кийинки таңкы сыноо – Ново-Павловкадан Бишкектин түштүгүндөгү “АРДИ” реабилитациялык борборуна чейинки жол.

Бегимай автобустун токтошун күтөт, анан майыптык арабадагы кызын сүйрөп чыгарат. Сабина кээде кыйкырат, ыйлайт, бирок бүгүн жайбаракат. Көбүнчө жүргүнчүлөр түшүнүү менен мамиле кылышат. Бирок жек көргөнүн, ал тургай жийиркенгенин жашырбагандар да кездешет. Алар: “Ушундан көрө үйдө отурсаңар боло!” – дегенден артка кайтпайт.

Тоскоолдуктар жана айыптоолорго карабай, Бегимай кызы билим алышын каалайт.

– Өткөн жылы тренинг болду, анан бир татынакай кыз биздин укуктар тууралуу айтып берди. Ал да шал оорусу менен жабыркайт экен. Анын аты Сейнеп, юрист. Шал оорулуу балдар акылдуу, сулуу келишет. Келечекте кызым башка бактылуу балдардай эле бантик тагынып мектепке барышын каалайм. Бул атасы экөөбүздүн кыялыбыз.

КЫЯЛДАР VS СТАТИСТИКА

Эненин үйлөсөң өчүп калчудай үлпүлдөк кыялына статистика каршы турат. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, балдардын мектепке барбашына негизи себеп (бардык учурлардын тең жарымы!) – майыптык.

13.jpg

Эмне үчүн мындай болуп жатат? Биринчи кезекте ата-энелерде маалымат жана билим жетишсиз. Адамдын өнүгүшү үчүн эң баалуу мезгил – төрөлгөндөн кийинки алгачкы жылдарын Сабина апасы менен чогуу төрт дубалдын ичинде өткөрдү. Бегимай кээде гана кызы менен паркка сейилдөөгө чыкчу.

-Бизди сынай карашчу. Кызым катуу кыйкырат, ушинтип сүйлөшөт. Көпчүлүк бизден чоочулайт. Коом мындай балдарды кабыл алууга даяр эмес. Балдар жакшынакай эле, болгону өзгөчө. Балама болгон мындай мамиледен ындыным өчүп, эч жакка чыкпай отургум келчү, -деп эстейт Бегимай.

Бир жолу Бегимайдын эшигин аялдар каккылап келди. Алар мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга үйдө жардам берүү менен алектенишчү. Атайын педагогдор беш жашка чыккан бала өспөй, бир жарым жаштагыдай болуп калганын көрүшөт: кыз баса албайт, сүйлөбөйт, өз алдынча тамактанбайт жана муктжадыгын айта албайт. Алар Бегимайга тез арада адистерге кайрылууга кеңеш беришти.

“КЕРЭЭЗ КАТ ЖАЗЫҢЫЗ”

Бегимай профессионалдык жардам издей баштады. Бирок эпилепсия менен жабыркагандарды Кыргызстандын реабилитациялык борборлору жөн эле кабыл ала беришпейт экен. Сабинанын апасынан эгер кызым өлүп калса, эч кандай доом жок деген кагазды сурап жатышты. Бегимай бул кагазды “керээз кат” деп коет.

– Биз башында “Надеждага” бардык, жетекчиси эпилепсия менен жабыркагандарды албайбыз деди, анткени талма айына бир жолу эмес, күн сайын тутат. Албетте, алар коркушат да, эгер балага бир нерсе болсо, аларга доом жок деген менин уруксатым менен гана алабыз дешти. “Керээз кат” жазып бергенге туура келди. Бирок ал жакка үч күн гана бардык, тарбиячылардын талабы менен кызымды алып кеттим.

Кийинки уюм Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн реабилитациялык борбор болду. Мунусу да ийгиликсиз эле. Сабина ал жакта токтобой ыйлачу. Бегимайдын айтымында, мында өзгөчө балдар менен чогуу ата-энеси таштап кеткендер да камкордукка алынган. Тарбиячылардын ортосунда уруш-талаш, ал тургай мушташуулар да орун алган күндөр болот. Педагогдор өтө аз, алар баарын караганга үлгүрбөйт.

-Биз жашаган Ново-Павловкада мындай мекемелер жок, өткөн жылы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелер бул маселени көтөрдү, бирок колдошкон жок. Шал менен жабыркагандар эле 20га жетет. Акимге, айыл өкмөткө кайрылдык, бирок алар майыптарга эмес, жөнөкөй балдарга да мекеме жетишсиз экенин айтышты, – дейт Бегимай.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн мамлекеттик билим берүү мекемелери Союз кулагандан кийин жоголо баштады. Алгачкы беш жылда алардын саны 28ден 19га кыскарса, атайын муктаждыктагы мектепте билим алгандардын саны эки эседен ашык – 7 миңден 3 миңге (!) чейин азайды.

14.jpg

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүуүбалдарды интернат тибиндеги мекемелерге кабыл ала алышат – алардын саны республика боюнча 56.

– Бул совет бийлигинен калган атавизм. Хрущевдун тушунда 60-жылдары чабандардын балдары үчүн мектеп-интернаттар уюштурулган. Колхоздор эбак жок болду, а бирок андай мекемелер ушул кезге чейин бар. Биздин балдар ажатканага чогуу барып, сапка тизилип окушат, – дейт балдарды коргоо боюнча эксперт Нуржамал Джакубова.

Эксперт баланы үй-бүлөдөн ажыратпаш керек дейт. Интернатта чоңойгон балдарда мээрим жок. Алар эмоционалдык жактан муздак, көңүл кош жана ачуусу чукул болуп чоңоюшат.

МАЙЫПТЫК МОДЕЛИН ӨЗГӨРТҮҮ

– Мамлекеттик мекемелердин саны кыскартуу менен биз балдар үчүн альтернативаны жаратуубуз керек. Биз ушул кезге чейин майыптыктын медициналык моделин колдонуп келебиз. Башкача айтканда, баланы түздөп, сакайтканга аракет кылабыз. Бирок социалдык модель гумандуураак. Баланын муктаждыгына коомдун өзү реакция жасашы керек, – дейт Нуржамал Джакубова.

Интернтаттарга кандай альтернатива бар? Ден соолугунан көйгөйү бар балдар ийгиликтүү социалдашып, коомго аралашуусу үчүн инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү керек.

– Менталдык саламаттыгында көйгөйү бар балдар башкалар менен чогуу окушу шарт. Бул үчүн Билим берүү министрлиги жумушчу топ түздү, биз инклюзивдик билим берүү концепциясын биргеликте иштеп чыктык. Анда мугалимдердин кеңири масштабда даярдоо жана кайра даярдоо көрсөтүлгөн, – дейт Джакубова.

Азыр бул өтө маанилүү концепция министрликтин өзүндө талкууланып жатат, кийин ал өкмөттүк деңгээлге чыгарылат. Инклюзивдик билим берүү системасы орто окуу жайларда инфраструктура: пандус, лифт, атайын ажаткана сыяктуу шарттарды түзүү гана эмес. Мисалы, көпчүлүк өлкөлөрдө башталгыч класс мугалими дефектолог да болот. Башкача айтканда, ал мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей ала турган толук кандуу адис. Андыктан инклюзивдик билим берүүнү киргизүү менчик түрүнө карабай, бардык мектептердин мугалимдерин кайра даярдоо дегенди түшүндүрөт.

– Мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы мектепке кабыл албаган учурлар көп. Негизи ар бир мамлекеттик мектепте инклюзивдик класстар болушу керек. Бирок алар даяр эмес. Бирок мындай балдар үчүн шарт жараткан окуу жайлары да бар. Мисалы, Герман Гмайнер атындагы окуу-тарбиялык комплекси. Бул бала бакчада мүмкүнчүлүгү чектелүү жети бала өз курдаштары менен чогуу тарбияланат. Азыр алар 1-класска көчүүгө даярданып жатышат. Ушунун баары педагогикалык жамаатта кайра даярдоо, балдар арасында сурамжылоо жүргүзүү менен коштолот. Бул абдан маанилүү –анткени жөнөкөй балдар мүмкүнчүлүгү чектелүү курдаштары менен чогуу окугусу келет. Башкача айтканда, аң-сезимди өзгөртүп, биздин коомдо инклюзивдик маданиятты өнүктүрүү керек, – деп белгилейт Джакубова.

 

Мамлекеттик мекемелердеги ийгиликсиз тажрыйбадан кийин Бегимай “АРДИ”жеке реабилитациялык борборуна кайрылууну чечти.

– Бул жакка эпилепсия менен жабыркаган балдарды кабыл алышат. Сабина менен логопед, дефектолог жана башка адистер алектенишет. Келгенибизге бир жыл болуп калды, ал башка балдар менен ойноп, үн катканга аракет кылат, бир аз жөрмөлөйт.

Сабина ата-эне жактан жолдуу болду. Алар кызы үчун бүт аракетин жумшап келет. Апасы кызы менен алек болгондо, атасы үй-бүлөнү багыш үчүн эки иште иштеди. Жакында эле Бегимай да жумуш тапты. Тилекке каршы, алардын бар тапканы тамак-ашка, дары-дармекке, коммуналдык төлөмдөргө жана үйдүн ижара акысына кетет. Бегимай келечекте өз үйүбүз болот деп үмүттөнөт.

– Биз азыр шарты жок үйдө ижарада турабыз. Кээде майыптык араба менен мончого барабыз. Өз үйүбүз болсо дейбиз. Ипотекалык насыя бизге кыйын. Бул жылдары ден соолугум начарлады, аллергиялык бронхит деп диагноз коюшту, -дейт аял.

Мыйзам боюнча ар бир кыргызстандык мамлекеттен жер тилкесин алууга укуктуу. Бирок бул теорияда гана. Чындап келгенде Бегимайдин тилкеге кезекке туруу аракети майнапсыз болду, жергиликтүү жетекчилер жер калган жок деп алакан жайышат.

Жакырчылык – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүу балдар үчүн дагы бир тоскоолдук. Мындай балдардын ата-энелеринин көпчүлүгү жумушсуздар. Мамлекеттен колдоо – айына 3 миң сомдон жөлөк пул.

-Талмага каршы эң арзан дары 1000 сом турат. Ал бир аптага жетет. Ошондо ай сайын 4000 сомдук дары алуу керек. Орусияда мындай жөлөк пулдун көлөмү 27 миң рублга жетет. Шал оорулуу балдарга жөлөк пул жок дегенде 15 миң сом болсо. Бирок бул кыял гана… – дейт Бегимай.

Сүрөт жана видеонун автору: Арстанбек Саалиев

Текст жана инфографика: Азамат Касыбеков, Азизбек Джаналиев, Анастасия Валеева, Марина Сколышева

Бул материал ЮСАИДдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген