Көпчүлүк коалиция өкмөттүн ишине канаатандыбы?

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2016-жылда жасаган иши боюнча отчетун укту. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, “Ишеним жана биримдик” программасынын алкагында жумуш 90%га аткарылган. Өткөн жылы ички дүң продукциянын көлөмү 458 миллиард сомду түзүп, реалдуу көрсөткүч 103,8% болгон.

Жээнбековдун айтуусунда, алдыда аткарылуучу иш арбын. Учурда 2026-жылга чейин айылдарды таза суу менен камсыз кылуу стратегиялык долбоору кабыл алынып, ага ылайык 455 айыл таза-суу менен камсыз болот. Кошумча суу курулмалары менен канализация системалары оңдолот.

Мындан сырткары өкмөттүн региондорду өнүктүрүү боюнча концепциясы кабыл алынып, алгачкы кадам Жалал-Абаддан башталууда.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz